Site icon Reporter.kg

Сооронбай Жээнбеков Баткенге иш сапары менен кетти

Бүгүн, 4-июлда президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Баткен облусуна барды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Мамлекет башчысы бир күндүк иш сапары менен Баткен облусуна барды. Ал өлкөнүн аймактарына болгон иш сапарларын улантууда. Иш сапардын алкагында президент Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен жолугушуп, социалдык-экономикалык тармактын объектилерине барат.

 

Exit mobile version