Site icon Reporter.kg

Базар-Коргондун акими иштен алынды

Джанысак Сатыбалдиев Базар-Коргон районунун акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

“Конституциянын 70-беренесинин 1-пунктунун 6-пунктчасына ылайык Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук администрациясынын башчысы — аким Сатыбалдиев Джанысак Манасбекович ээлеген кызматынан бошотулду”, — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version