Site icon Reporter.kg

Президент бир нече кодекстерге кол койду

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана жазык кодекстерин колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Мамлекет башчынын каршы пикиринен соң кайра иштелип чыгып жана Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган жазык кодекстерине президент ушул жылдын 28-октябрында кол койгон.

Буга чейин жогоруда белгиленген мыйзамдык актылар Конституция жана иштеп жаткан мыйзамдар менен ички карама-каршылыктардан улам президент тарабынан мыйзам чыгаруу органына макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн кайтарылган.

Exit mobile version