Президент бир нече судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотту

Президент бир нече судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотту

Президент Сооронбай Жээнбеков бир нече судьяны мөөнөтүнөн мурда кызмат ордунан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, ыйгарым укуктары токтотулган судьялар төмөнкүлөр:

— Ленин райондук сотунун судьясы Сагынбаев Бакыт Тынышович;

— Ош шаардык сотунун судьясы Атаназаров Нурланбек Алайдинович;

— Бишкек шаарынын Свердлов районунун судьясы Гилязетдинова Инара Ильгизовна;

— Чүй облусунун Сокулук районунун судьясы Жоомартов Кумушбек Рысбекович;

— Чүй облусунун Кемин райондук сотунун судьясы Эшалиев Нурманбет Касымбекович.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>