Site icon Reporter.kg

Президент Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылганын ЖМК аркылуу билген

Президент Садыр Жапаров журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылгандыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билди. Бул тууралуу Reporter.kg′ге өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

“Соттун чечими ушундай болду. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери соттун чечимин гана аткарды”, — деди ал.

Эскерте кетсек, 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунда журналист Болот Темировдун иши боюнча апелляциялык арыз каралып, сот журналистти өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды. Соттун өкүмү дароо аткарылып, Темиров ошол эле күнү кечинде Россияга депортацияланды.

Буга чейин, 28-сентябрда Свердлов райондук соту Болот Темировду «баңгизатты мыйзамсыз даярдоо», «чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» иштери боюнча актаган. Ал эми «документти жасалмалоо» иши боюнча Темиров жарым-жартылай күнөөлүү деп табылып, бирок иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу ага жаза берилген эмес. Райондук соттун бул чечимдери өзгөртүүсүз калтырылды.

Быйыл 22-январда милиция атайын багыттагы кызматкерлердин коштоосунда Болот Темировдун кеңсесине барып, аны «баңгизатты мыйзамсыз даярдоого» шектеп кармап кеткен. Ошондой эле «баңгизат» ишине байланыштуу Темиров менен иштешкен төкмө акын Болот Назаров да кармалган. Бирок коомчулуктун сынынан кийин алар эч жакка кетпөө тилкаты менен кое берилген.

Кийинчерээк Темировго «чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» жана «документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча иштер ачылган.

Болот Темиров өзүнө козголгон кылмыш иштерин журналисттик ишине байланыштырып, сөз эркиндигине кысым катары баалап келет. Себеби ал жетектеген «Ютубдагы» Temirov LIVE каналы бийлик, анын ичинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандарына байланыштуу иликтөөлөдү жасап келген. Темиров кармалар алдында, 20-январда Temirov LIVE’дын командасы «Эки күндө 37 млн сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдердин схемасы» аталышындагы иликтөөсүн чыгарган.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Exit mobile version