Site icon Reporter.kg

Президент: Быйыл 1-октябрдан тарта өлкөдөгү пенсия 6,8 миң сомдон кем болбойт

Быйыл 1-октябрдан тарта Кыргызстандагы пенсия 6,8 миң сомдон кем болбойт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, пенсия 1-июлдан тарта көтөрүлө баштайт. Ал пенсияны жогорулатуунун биринчи этабы болот.

«Бул багыттагы иштерди улантабыз. Социалдык төлөмдөрүбүз менен жөлөк пулдарыбыз да жашоо минимумунан жогору турган чекке тез арада жеткирүү үчүн талыкпай иштейбиз.

Ооба, албетте, буга бир нече жылдар керек, ошентсе да бул максатка сөзсүз жетебиз», — деди ал.

Exit mobile version