Site icon Reporter.kg

Президент чиновниктерге: Эл иштен алынсын десе, жумуштан кетесиңер

Биз эл менен эсептешип, иш кылышыбыз керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 14-июлда Министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

«Тапшырмаларды, чечимдерди, мыйзамдарды эмне үчүн чыгарабыз? Силердин ишиңер жакшы болсун деп чыгарабыз да. Бардык чечимдердин түбү жер-жерлерден —  өзүңөрдөн келерин билесиздер! Бул жерден мен ачык эле айтып коёюн —  кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатмайынча, жасалып жаткан реформалар жакшы жыйынтык бербейт. Аны турмуш өзү көрсөтүп жатат. Башкы себеп — кадр маселеси. Иштин көзүн билбеген, чыгарылган жарлыктарга, чечимдерге көптүн бири катары жасалган мамилелер катталып жаткандыгын көрүп жатам.

Көпчүлүк учурларда айрым жетекчилер формалдуу иштер менен алек болуп, жасап жаткан иштериңердин жыйынтыгы көрүнбөйт. Мунун айынан астыңардагы кызматкерлер өзүңөргө жараша ишти аткарып жатышат.

Туура жыйынтык чыгарып, ишиңерди оңдогула. Иштин жыйынтыгын бербеген кадр менен дароо эле коштошкула. Эмнеге кармайсынар андай кадрларды? Буга чейин жыргатпаган — мындан кийин да жыргатпайт!», — деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле, өлкө башчы: «Ар бириңер өз министрликте жаңыча иштерди уюштуруп, жетекчилер тарабынан коюлган иштер толук кандуу аткарылып, жылдын жыйынтыгын жакшы көрсөткүчтөр менен аяктоо бардыгыбыздын милдетибиз болушубуз керек. Ар бир министр кабинетте отура бербестен, элди аралап, элдин көйгөйүн чечүүнүн үстүндө алектениши керек. Баарыңарга бир эле индикатор коюлат, ал жыл аягында элдин силерге берген баасы. Эл иштесин десе, иштейсиңер, эл иштен алынсын десе, жумуштан кетесиңер”, — деп билдирди.

Exit mobile version