Site icon Reporter.kg

Президент Дастанбек Жумабеков жана Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча учурдагы кырдаал, өлкөнүн ишкердик активдүүлүгүн жандандыруу боюнча чаралар, постпандемия мезгилине карата артыкчылыктуу милдеттер жөнүндө пикир алмашуу болду.

Элдин мындан ары дагы санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди кармануусу жана өлкөнүн бардык аймактарында өзгөчө кырдаал режимин сактоо зарылдыгы белгиленди.

Президент Сооронбай Жээнбеков ишке тартылган мамлекеттик органдардын экономикалык кесепеттерди жеңип чыгуу, илдеттин мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча иштери күчөтүлгөн тартипте улантылышы керектигин баса белгиледи.

Exit mobile version