Site icon Reporter.kg

Президент депутаттарга: Министрлер өзү келсин деген талапты койбосоңуздар

“Министрлер кабинетинин төрагасы өзү келсин, министр өзү келсин” деген талапты койбосоңуздар. Мындай сураныч менен президент Садыр Жапаров өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылды.

“Сиздер ишке киришкенден берки парламенттин, комитеттердин, фракциялардын жыйындарына көз салып турдум. Жаман эмес, башталышы жакшы. Бирок сиздерден бир нерсени суранам, комитеттердин, фракциялардын, депутаттык топтордун жыйындарына “Министрлер кабинетинин төрагасы өзү келсин, министр өзү келсин” деген талапты койбосоңуздар. Кандай гана маселе каралбасын, ошол маселеге тиешелүү орун басарлары барып жатышат. Министрге караганда каралып жаткан маселени орун басары жакшы билерин билесиздер. Анткени тиешелүү болгон маселелер менен тиешелүү орун басарлары түздөн-түз иш алпарышат. Ар бир орун басардын адистигине, багытына жараша иштер бөлүштүрүлүп берилет. Ал эми министр болсо жалпысынан координациялайт. Бирок албетте, өзү жетектеген министрликтин бардык иштери үчүн керт башы менен жооп берет. Менин сиздерге (ар бир депутатка) айтайын дегеним, эгер кандайдыр бир көйгөйдү же Министрлер кабинети чече турган маселени көтөргүңүздөр келсе, анда ар бир аптанын жума күндөрү кечки саат 18-00дө өтө турган Министрлер кабинетинин жыйынына катышсаңыздар болот. Апта башынан бери аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча маселелер каралып жана кийинки аптага тапшырмалар берилет. Ушул жыйындарга келип катышканга ар бириңиздердин толук укугуңуздар бар. Эшик ачык. Бул жыйындарга катышып, каалаган талаптарыңыздарды койсоңуздар болот. Бардык министрлерди, айрым күндөрдө облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүмдү дагы ушул жерден таба аласыздар. Келип, суроо-талаптарыңыздарды койсоңуздар болот. Ошондо маселеңиздер ыкчам чечилет деп ойлойм.

Албетте, мен сиздерге министрлерди таптакыр чакырбагыла дегенден алысмын. Эгер кандайдыр бир орчундуу маселе каралып жаткан болсо, министр сөзсүз барышы керек. Жаңы жылдан бери бир топ окуяларга күбө болдум. Министрлерди зарыл иштер менен чакырсам эле “Жогорку Кеңеште жүрөбүз, министр өзү келсин дептир” деген жоопторду угам. Бир күнү кечке жүрүп же жарытылуу маселе чечилбейт, же жетекчисин күтүп олтурган министрликтин бир күндүк иши үзгүлтүккө учурап жаткан учурлары болуп жатат. Учурда бир күн эмес, бир мүнөтүбүздү текке кетирбешибиз керек. Убакыт бизди күтпөйт. Министрлер министрликтин иштерин координациялап, тез алдыга жылдыруусу керек. Азыр талап күчтүү. Коюлган тапшырмалар боюнча алдын ала даярдыктарды көрүп, өз убагында аткарылбаса керт баштары менен жооп беришет. Бул талап жана бюрократияны жоюу маселеси министрлерге эле эмес, бардык мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү.

Кайрылуумду туура түшүнүү менен кабыл аласыздар деп ойлойм.

“Ынтымак бар жерде — ырыс бар” деп айтылат элибизде, бири-бириңерди туура түшүнүү менен ынтымакташып иш алып барарыңыздарга толук ишенем”— деди Жапаров.

Exit mobile version