Президент электр энергиясына болгон бааны көтөрүүнү сунуштады

Президент электр энергиясына болгон бааны көтөрүүнү сунуштады

Садыр Жапаров калк үчүн 700 кВт/с лимитти алып салуу боюнча маселени карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров, бүгүн 21-апрелде, энергетика тармагынын ардагерлери жана энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен болгон жолугушууда калк үчүн 700 кВт/с лимитти алып салуу боюнча маселени карап чыгууну сунуштады.

Мамлекет башчысы электр энергиясына болгон тариф маселесин талкуулоо учурунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн төлөмдү 74 тыйынга чейин төмөндөтүп, турмушу начар болгон үй-бүлөлөр үчүн чекти алып салуу боюнча сунушу бар экенин белгилеген.

Анын айтымында, учурда социалдык камсыздоо мекемелери 110 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жөнүндө маалымат беришкен. Бирок жергиликтүү бийлик жана энергетикалык компаниялар менен биргеликте кошумча тактоо иштерин жүргүзсө, бул тизме кеңейиши мүмкүн.

Садыр Жапаров ошондой эле чектөөлөрдү алып салып, жашоо шарты оор алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочуларына электр энергиясын 1 сом 04 тыйындан сатуу, жашоо шарты жакшы үй-бүлөлөргө чектөөлөрдү алып салуу менен 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушу бар экенин кошумчалаган.

Бирок, президенттин белгилешинче, суунун тартыштыгына байланыштуу колунда бар үй-бүлөлөргө кышкы мезгилдерде электр энергиясын пайдалануу 1000 Квт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар. Бул бүгүнкү күндөгү электр энергиясынын өздүк наркы.

“Сууну толтуруп алсак, кийин чектөөнү алып салабыз. Бүгүн суунун көлөмү жогорулай баштады.  Ушундай кылганыбызда гана биз 2025-жылга барып энергетикалык кризистен чыгат экенбиз”, — деген ал.

Мамлекет башчысы эмне үчүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана алыскы тоолуу райондордо жашагандарга төмөнкү тарифтик көрсөткүчтөр сунушталып жатканын айткан.

“Мындан ары биз бардык тармактарда реформаларды жүргүзүүдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн артыкчылыктуу болушуна көбүрөөк көңүл бурабыз”, — деген Садыр Жапаров.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>