Президент Евразиялык экономикалык кеңешинин видеоконференция жыйынына катышат

Президент Евразиялык экономикалык кеңешинин видеоконференция жыйынына катышат

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видео-конференция форматындагы жыйынына катышат. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн, 19-майда Беларустун төрагалыгы астында өтө турган кезектеги жыйында евразия интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары жана башкалар каралат.

Эске салсак, ЖЕЭК мүчөлөрү — Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян.

ЖЕЭК жыйынына ошондой эле байкоочу өлкө башчысы катары Молдованын Президенти Игорь Додон катышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>