Site icon Reporter.kg

Президент христиандарды Пасха майрамы менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы христиандарды Пасха майрамы менен куттуктады. Өлкө башчысы өз куттуктоосунда Пасхасы адамдардын жүрөгүнө үмүт, келечекке ишеним жаратып, кубаныч тартуулаарын белгилеп өткөн.

“Бул майрам адамдардын арасындагы сабырдуулукту жаратып, кайрымдуу болууга, муктаж болгондорго кол сунууга шарт түзөт. Биз бардык диндер арасындагы бири-бирин сыйлаган маанайдагы кызматташууну, маданияттуу көп түрдүү коомчулукту сактап жана өнүктүрөбүз. Бул — биздин өлкөнүн негизги байлыктарынын бири”, – деп жазылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Кыргызстанда 40тан ашуун православ христиандарынын 40тан ашуун  чиркөөсү бар. Расмий маалыматтарга караганда, христиан динин туткандар жалпы элдин 16% түзөт.

Exit mobile version