Site icon Reporter.kg

Президент иштен алган Бекбосун Апсатаров жаңы кызматка барды

Апсатаров Бекбосун Жакшылыкович президенттин администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин Бекбосун Апсатаров УКМКнын төрагасынын орун басары болгон — ал 2020-жылдын октябрында дайындалып, 2022-жылдын июль айында президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен бул кызматтан бошотулган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version