Президент «Качкындар жөнүндө» мыйзамга кол койду

Президент «Качкындар жөнүндө» мыйзамга кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков “Качкындар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Мыйзам 2020-жылдын 14-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган Мыйзамда чет өлкөлүк жарандарды каттоо функциясы калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга таандык болгондугуна байланыштуу, башпанек издеген жарандарды жана качкындарды каттоочу органдын аталышындагы «ички иштер органдарында» деген сөздөрдү «калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органында» деген сөздөргө алмаштыруу каралган.

Алар:

— эгер адамга качкындар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте мурда аны качкын деп таануудан баш тартылса, кайрадан ачылган же жаӊы жагдайлар жок болгон шартта;

— эгер адам Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган оор кылмышы үчүн күчүнө кирген соттун өкүмү боюнча соттолсо;

— эгер адам мурда качкын статусуна ээ болсо жана өз ыктыяры менен Кыргыз Республикасынан туулган өлкөсүнө же үчүнчү өлкөгө туруктуу жашоого чыгып кетсе.

Мыйзам расмий жарыяланган күндѳн тартып он күн ѳткѳндѳн кийин күчүнѳ кирет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>