Site icon Reporter.kg

Президент кандай аскердик техникалар сатылып алынганын айтты

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда президент Садыр Жапаров Кыргызстан кандай аскердик техникаларды сатып алып жатканын айтты.

Жапаров азыркы заманбап чакырыктар коргонуу чараларды күчтөндүрүүнү талап кылып жатканын билдирди.

«Ага жараша биздин аскерлерибизге, коргонуу мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл буруп, ар тараптан күчтөндүрүү аракеттерибизге күбө болуп жатасыздар. Мен кызматка келгенде, брондолгон аскер техникаларыбыз жок болсо, бүгүн дал ушул коопсуздук маселесине республикалык бюджеттен болуп көрбөгөндөй каражат бөлүп, «Тигр» маркасындагы атайын бронетехникалар, оор жүк ташуучу аскердик унаалар, «Байрактар-ТБ2», «Акынжы», «Аксунгур» сокку уруучу учкучсуз учуучу аппараттарын, курал-жарактын жана аскердик техникалардын заманбап түрлөрүн сатып алдык. Өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн сактоо, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, чек ара тилкелерин тактоо маселелеринде сиздердин бийликке болгон ишенимиңиздер бекем болушу керек!», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version