Site icon Reporter.kg

Президент Кара-Көлдүн мэрин алмаштырды

Талайбек Конкобаев Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койгон.

“Тескемеге ылайык, КРнын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргызстандын мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Конкобаев Талайбек Тажиматович  Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды”, — деп айтылат маалыматта.

Президенттин дагы бир тесмесине ылайык, Алмазбек Балташов Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Exit mobile version