Президент: Казакстандын жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөргө канааттандык

Президент: Казакстандын жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөргө канааттандык

Кыргыз делегациясы Казакстандын жогорку жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанды. Бул тууралуу Садыр Жапаров  сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына жасаган билдирүүсүндө айтты.

“Кыргыз делегациясы Казакстандын жогорку жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанды. Сүйлөшүүлөр кызматташтыгыбыздын ырааттуу мүнөздө өнүгөрүн белгилейт”, — деген президент.

Мамлекет башчысы кыргыз-казак кызматташтыгынын дээрлик бардык багыттары боюнча актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкуулангандыгын, эки өлкө үчүн маанилүү келишимдер түзүлүп, бир катар чечимдер кабыл алынгандыгын белгилеген.

“Биз мамлекеттерибиздин ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү, интеграцияны жана эл аралык бирикмелердеги өз ара байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурдук”, — деген Садыр Жапаров. Ал Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгын баса белгилеген.

Ал ошондой эле, эки тарапты тең  кызыктырган регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашып, көп тараптуу кызматташуу форматында биргелешкен иш-чаралар пландаштырылып, ЕАЭБдин алкагындагы өз ара алака маселелери талкууланганына токтолгон.

“Жалпысынан кыргыз делегациясы Казакстандын жогорку жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанды. Сүйлөшүүлөр кызматташтыгыбыздын ырааттуу мүнөздө өнүгөрүн белгилеп кетким келет. Ошол эле учурда алдыда жасала турган дагы көп иш бар. Бул үчүн бизде боордош Казакстан менен бардык багыттарда өз ара пайдалуу жана жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө каалоо, умтулуу жана саясий эрк бар”, — деген өлкө башчысы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>