Президент Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрөт

Президент Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрөт

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүнкү жыйында Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары өткөрүлгөн жыйындарында кабыл алынган чечимдеринин ишке ашырылышынын жүрүшү каралат.

Тактап айтканда, Коопсуздук кеңештин 2018-жылдын 8-февралында кабыл алынган «Кыргызстандын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча олуттуу чаралар жөнүндө», 2018-жылдын 14-декабрындагы «Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө», 2019-жылдын 30-январындагы «Кыргызстандын  кен казуу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» чечимдеринин аткарылышы каралат.

Мындан тышкары, Кыргызстандын стратегиялык объектилеринин тизмегине сунуштар каралат.

Талкуунун жыйынтыктары боюнча Коопсуздук кеңешинин чечими кабыл алынат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>