Президент коронавирустан каза болгон  дарыгердин жакындарына көңүл айтты

Президент коронавирустан каза болгон  дарыгердин жакындарына көңүл айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков Кара-Кулжа районундагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-фтизиатры Альберт Исмаиловдун дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын туугандары менен жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.

“Альберт Исмаиловдун коронавирустан каза болгондугу жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Тилекке каршы, коронавирус инфекциясынын пандемиясы мезгилинде экинчи медик каза болду. Тилекке каршы, биз кызматтык милдеттерин аткарып жатып илдет жугузуп алган дарыгерибизди сактай албадык”, — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков Альберт Исмаиловдун көп жылдан бери медициналык милдетин ак дилинен аткарган, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин элдин саламаттыгын коргоого калкан болуп берген өз ишине берилгендиктин өрнөгү болуп каларын баса белгиледи.

“Альберт Исмаиловдун элеси кесиптештеринин, бейтаптарынын жана жакындарынын эсинде түбөлүккө сакталат. Анын жакындарына, туугандарына жана балдарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана орду толгус оор жоготуу кайгысын тең бөлүшөм”, — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>