Site icon Reporter.kg

Президент кыргыз-тажик чек арасындагы абалга комментарий берди

Садыр Жапаров

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Тажикстанга байланыштуу кырдаалга комментарий берди.

Ал өлкөнүн бардык жашоочуларын, биринчи кезекте саясий күчтөрдү жана маалымат каражаттарын сабырдуулукка, чагымчылдыкка алдырбоого, кастыкты жана араздашууну козутпоого чакырды.

«Кыргызстандын бардык жашоочуларын, биринчи кезекте саясий күчтөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарын сабырдуулукка, чагымчылдыкка алдырбоого, кастыкты жана араздашууну козутпоого чакырам.

Биз тажик эли менен дайыма тил табышабыз, биздин ынак коңшулук кызыкчылыктарды эске алып жана ынтымакты сактоо менен гана бардык маселелерди чечебиз.

Азыр жаңжалды чыгарып, аны ичтен тутандырууга аракет кылгандар кооптондурат.

Өлкө үчүн мындай оңой эмес учурда бардык ички саясий күчтөрдү сабырдуулукка чакырам», — деди өлкө башчы.

Белгилей кетсек, 28-апрелде «Головной» суу сактагычында чыр чыккан. 29-апрелде Баткен районунун Көчө-Бою аймагында абал курчуп кеткени айтылган. Кырдаалдын курчушуна Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттери себеп болгон. Алар кыргызстандыктарга жана алардын үйлөрүнө таш ыргыта башташкан.

Exit mobile version