Site icon Reporter.kg

Президент: Кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу жерлерди теңме-тең бөлүү жолу менен чечтик

Кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу жерлерди теңме-тең бөлүү жолу менен чечтик. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров чек ара маселеси боюнча «Кабар» агенттигине берген комментарийинде билдирди.

Жапаровдун айтымында, чек ара эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу менен чечилди.

«Эки өлкөнүн ортосунда чек ара меселесин делимитациялоодо бир жактын кызыкчылыгын жогору коюп чечип алуу деген болбойт. Сөзсүз бирдей кызыкчылык болуш керек. Талаш жерлерде да тил табыштык десек болот. Анткени илгертен талаш болуп келген жерлерди теңме-тең (50/50) менен бөлүштүк. Айрым жерлерди теңме-тең алмашуулар болду. Азыр кагаз иштери аяктоо алдында турат», — деди ал.

Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын иши аяктагандан кийин чек ара боюнча документ парламенттен ратификациядан өтүп, аягында президенттер кол коет.

Exit mobile version