Президент кыргыз-тажик чек жаңжалында жабыркагандардан кабар алды

Президент кыргыз-тажик чек жаңжалында жабыркагандардан кабар алды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-сентябрда, Бишкек шаардык № 4 клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан кыргыз-тажик чек арасындагы чырдын натыйжасында жабыркагандардан кабар алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков жабыркагандардын абалы жана аларга көрсөтүлүп жаткан медициналык жардам тууралуу айтып берди.

Чек ара чырынан жабыр тарткандардын баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, алар күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, толук дары-дармектер менен камсыздалган.

Президент Сооронбай Жээнбеков жабыркагандардын баарына тезирээк сакайып кетишин каалап, дарыгерлерге ыкчам чараларды көргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан бардык керектүү жардам берилерин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Бишкек шаардык № 4 клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан жабыркагандардын туугандары менен баарлашкан. Ошондой эле  президенттин атынан  жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү кечке маал Лейлек районунун Максат айылындагы кыргыз-тажик  чек арасында атышуу болуп, кыргыз тараптан 13 адам жаракат алып, 1 адам каза болгон.

Эртеси 10 адам Куралдуу күчтөрдүн аскердик-транспорттук учагы менен Бишкек шаарына дарыланууга алып келинген. Ал эми 3 адамдын абалы оор болгонуктан Лейлектеги аймактык ооруканасында дарылоо чечими кабыл алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>