Site icon Reporter.kg

Президент: Кыргызстан кендерин иштетүүгө толук мүмкүнчүлүк алды

Улуттук тоо-кен компаниясы, кыргыз геология мамлекеттик компаниясы түзүлдү. Улуттук кызыкчылыктарды коргоо үчүн Кыргызстан кендерин иштетүүгө толук мүмкүнчүлүк алды. Ушунун алкагында тийшитүү мыйзамга кол койду. Бул туурасында Президент Садыр Жапаров пресс-конференция маалында билдирди.

Анын айтуусунда, мындан ары алтын-күмүш чыккан, баалуу кендерибизди бир гана мамлекет өзү иштетет. Буга чейинкилерди эмес, мындан аркы кен-байлыктарды өзүбүз иштетебиз. Мындан ары жер казынасын пайдалануучулардын рекултивациялык эсептери мамлекеттик банктарда топтолот.

Exit mobile version