Site icon Reporter.kg

Президент Кыргызстан менен Кытайдын товар жүгүртүүсү 22,7 млрд долларга жеткенин айтты

Былтыр Кыргызстан менен Кытайдын товар жүгүртүүсү 22,71 млрд долларга жетти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кытайдын «Синьхуа» маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кытай Кыргызстан үчүн узак жылдардан бери башкы соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири болуп келген жана болуп кала берет.

«Саясий диалогдун эң жогорку деңгээли бизге өлкөлөрүбүздүн ортосундагы экономикалык күн тартибин ийгиликтүү илгерилетүү үчүн өтө жакшы мүмкүнчүлүк берерин белгилей кетким келет. «Бир кайыкка түшкөндөр, бир багытта сүзүшү керек» – бул накыл сөз кыргыз-кытай өнөктөштүгүнүн маңызын эң сонун чагылдырат.

Өлкөлөрүбүздүн биргелешкен аракеттери рекорддук ийгиликке жеткирди: 2024-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү бажы органдарынын маалыматы боюнча 22,71 млрд АКШ долларына жеткен. Бул натыйжа биздин соода-экономикалык кызматташуубуз активдүү өсүп жатканын тастыктайт», — деди ал.

Жапаров билдиргендей, эки өлкө соода-экономикалык кызматташууга көңүл бурушу зарыл.

«Биз өз ара сооданы өнүктүрүүгө, аны диверсификациялоого, эки жактуу кызыкчылыктарды көздөгөн биргелешкен инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашырууга кызыкдарбыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин «Синьхуа» Садыр Жапаров 4-7-февралда Кытайга сапар менен барарын жазган.

Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапар менен барат

Exit mobile version