Site icon Reporter.kg

Жапаров православ христиандарын Пасха менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров кыргызстандык православдарды Пасха майрамы менен куттуктап, анын православдар үчүн маанилүү экенин белгилеп, бул майрам жакшы иштерге шыктандырып, адамдардын ортосундагы тынчтыкка, гармонияга жана өз ара түшүнүшүүгө болгон каалоону бекемдерин айткан.

“Кыргызстан ар түрдүү конфессиялардын, этностордун жана маданияттардын өкүлдөрү тынчтыкта ​​жана ынтымакта жашаган өлкө болуп келген жана болуп кала берет. Биз христиан конфессияларынын, өзгөчө православие дининин тынчтыкты, ынтымакты жана мамлекетибиздин өнүгүшүн чыңдоого кошкон салымын жогору баалайбыз.

Бул майрам ар бир үйгө жылуулук, береке жана жаркын кубаныч алып келсин. Сиздерге чың ден соолук, бейпилдик, бакыт-таалай жана келечекке ишеним каалайм!”, — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version