Site icon Reporter.kg

Президент мамкызматкерлердин маянасы көтөрүлөрүн айтты

Бардык мамлекеттик кызматкерлердин маянасы көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, буга чейин мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданият кызматкерлеринин айлык маянасы көтөрүлдү.

“Эми бардык тармактагы мамлекеттик кызматкерлердин маянасын ушул жылдын 1-августунан тарта көтөрөбүз деген пландарыбыз бар”, — деди ал.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик кызматкерлердин маянасын көбөйтүү багытына өкмөт 9,6 миллиард сом даярдап жатканын айткан.

Exit mobile version