Site icon Reporter.kg

Президент: «Манас» эпосу бар – тарыхыбыз, элибиз, мамлекетибиз бар!

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жапаров куттуктоосунда «Манас» үчилтиги – Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн символу экенин айткан.

«Элибизди эркиндикке шыктандырып келген эпосубуз улутубуздун намысын ойготуп, биримдикке чакырып, ар кандай сыноолордо журтубузга тирек болуп, өлкөбүздүн эбегейсиз зор энчисине айланды», — дейт ал.

Президент «Манас» эпосун кайрадан дүйнөгө даңазалоого убакыт келгенин билдирди.

«Планетардык жазуучубуз Чыңгыз Айтматов жазгандай, байыркы кыргыз рухунун туу чокусу болгон “Манас” эпосун кайрадан дүйнөгө даңазалоого убакыт келди, бар ибаратыбызды жайып, руханий дасмиябызды даңазалоого мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Дүйнө өзгөрүп, жасалма интеллект кеңири жайылып бара жаткан бүгүнкү кырдаалда элибиздин феномени менен гана улуттук иденттүүлүгүбүздү сактап, элдүүлүгүбүздү бекемдей алабыз.

«Манас» эпосу бар – тарыхыбыз, элибиз, мамлекетибиз бар!», — дейт Жапаров.

Exit mobile version