Президент: Мекенди коргоочу — эң зарыл жана ардактуу кесип бойдон калат

Президент: Мекенди коргоочу — эң зарыл жана ардактуу кесип бойдон калат

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-февралда, Ата Мекенди коргоочунун күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Сиздерди эрдиктин, каармандыктын жана атуулдуктун  майрамы — Ата Мекенди коргоочунун күнү менен куттуктайм. 

Өлкөбүздүн тарыхында каармандыктын изин калтырган аталарыбыздын элесине таазим кылабыз. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине сый-урмат көрсөтөбүз. 

Биздин жарандарыбыздын тынчтыгын жана бейпил турмушун коргоп, аскер турмушунун катаал сыноолорунан татыктуу өтүп жаткан жоокерлерибизди куттуктап, аларга ыраазылык билдиребиз. 

Коопсуздукту камсыз кылуу — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты, ал эми мекенди коргоочу — коомдогу эң зарыл жана ардактуу кесип бойдон калат. 

Бардык кыргызстандыктарга ден соолук, бакты-таалай жана ийгиликтерди каалайм. 

Жараткан колдоп, ар дайым жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак, ар бир үйдө бакубатчылык болсун!»

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>