Site icon Reporter.kg

Президент мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, мугалимдерди жана Кыргызстандын билим берүү тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

“Урматтуу агай-эжейлер!

Билим берүү тармагынын кымбаттуу кызматкерлери жана ардактуу ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Мугалим – бул устат, дүйнөдөгү бардык кесиптин ээлери алгач мугалимден билим алган. Мына ошондуктан бүгүнкү күн – ушундай деңгээлге жеткирген устаттарыбызга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк.

Эң алды өлкөбүздүн билим берүү тармагын өнүктүрүүгө, өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоого чексиз салым кошуп келаткан жалпы педагогикалык жамаатка өзгөчө ыраазычылык билдирем.

Билим сапаты мугалимдин деңгээлинен көз каранды. Мугалимдер күчтүү болсо, өлкөнүн өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этет. Сингапур, Финляндия, Эстония, Түштүк Корея сыяктуу өнүккөн өлкөлөр дал ушул билим берүүгө, анын ичинде мугалимдерге өзгөчө көңүл буруунун натыйжасында өнүккөндүгүн жакшы билебиз.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда билим берүү тутумун өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын алкагында билим берүүгө болгон суроо-талапты камсыз кылуу, балдардын билим алуусун жакшыртуу жана мугалимдерибизге тиешелүү шарттарды түзүү үчүн чоң-чоң аракеттер жасалууда. Мектеп жетишсиздиги, окуу китептери одоно каталар менен басылып чыккан көйгөйлөр бара-бара жоюлуп, окутуунун заманбап ыкмаларын пайдаланууга басым жасалып, сандан сапатка өтүп баратабыз. Соңку жылдары, айрыкча, быйыл Кыргызстандын окуучулары жана студенттери эл аралык деңгээлдеги олимпиадаларга байма-бай катышып, байгелүү орундарды ээлеп келаткандыгы буга күбө. Өлкөнүн билим берүү сапатынын жогорулашынын мындай көрсөткүчү – албетте, эң ириде мугалимдин эмгеги!

Биз, буюрса, алгылыктуу билим берүү системасын түптөө менен, мугалимдик кесипти жашоодо карьера катары тандоого түрткөн шарттарды түзүүгө аракет кылабыз. Ошондо гана өлкөбүздө мугалимдер берилүү менен иштейт, натыйжа чыгарат, ийгилик жаратат. Азыркы учурда кесипкөй, өз ишин мыкты билген мугалимдердин талыкпаган эмгегин баалагандар жыл өткөн сайын артып барат. Буюрса, мугалимдин коомдогу кадыр-баркы дагы көтөрүлөт.

Коом үчүн билимсиз тарбиянын, тарбиясыз билимдин мааниси да, маңызы да жок. Сиздер балдарга билим гана эмес, терең тарбия да берип келесиздер. Акыл-эстүү, адеп-аклактуу, мекенчил муунду дал ушул сиздер тарбиялайсыздар.

Билим берүү тармагынын урматтуу кызматкерлери жана ардактуу ардагерлери!

Бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм!

Сиздерге чың ден соолук, кажыбас кайрат, бакубат турмуш каалайм.

Бүгүнкү майрам күнүндө эле эмес, ар күнү кучагыңыздар гүлгө, жүрөгүңүздөр кубанычка толсун!”

Exit mobile version