Президент мыкты бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификат» тапшырды – сүрөт

Президент мыкты бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификат» тапшырды – сүрөт

Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган бүтүрүүчүлөргө президент Сооронбай Жээнбеков «Алтын сертификат» тапшырды. Салтанаттуу иш-чара “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөнүн президенттин басма сөз кызматы кабалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков билим сапатын жогорулатуу өлкөнүн стратегиялык багыты болуп саналарын, ал эми сапаттуу билим алуу мүмкүндүгүн алыскы айылдарга да жеткирүү элеттик жаштар үчүн келечекке кеңири жол ачарын баса белгиледи.

«Буга быйыл республика боюнча эң жогорку балл алган бүтүрүүчүбүз Нурбек кызы Акмарал — алыскы Алай районунун окуучусу экендиги мисал. Биз өлкөбүздүн кайсы жеринде жашаганына карабай, ар бир өспүрүмдүн талантын ачууга жетишибиз керек. Ошол үчүн элет жериндеги мектептерди интернет жана башка окуу технологиялары менен камсыздоого өзгөчө көңүл буруп жатам», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков бүтүрүүчүлөргө ийгиликтерди, жаңы бийиктиктерди багынтууну каалады.

Белгилей кетсек, быйыл өлкө боюнча 67 бүтүрүүчү «Алтын сертификатка» татыды. Быйылкы тестирлөөдө эң жогорку балл 229 болду.
[su_image_carousel source=»media: 36387,36386,36385,36384,36383,36382,36381,36380″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>