Site icon Reporter.kg

Президент Нарын облусундагы өкүлүн кызматтан бошотту

Сабыркул Ашимбаев президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

“Конституциянын 71-беренесине ылайык, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ашимбаев Сабыркул Абасович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду”, — деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version