Site icon Reporter.kg

Президент: Орозонун улуу касиети элибизге бүгүнкү оор учурда керек

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Өлкө башчысы өз куттуктоосунда Орозонун улуу касиеттери бүгүнкү татаал мезгилде элибизге өтө зарыл экенидигин белгилеп өткөн.

“Отуз күн кармаган Орозонун касиети менен дил дүйнөбүз тазарат, ыйманыбыз тереңдейт, аруу сезимдер арбып, жакшылыкка болгон үмүтүбүз бекемделет. Коомдук биримдикке, улуттар арасындагы ынтымакка, бири-бирибизди колдоого чакырган Орозо күндөрүнүн мааниси — бүгүнкү татаал мезгилде өзгөчө бийик, ушул улуу касиеттер учурда бизге өтө зарыл”, — деп жазылат  мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Муфтият тараткан маалыматка ылайык, орозонун биринчи күнү 24-апрелге туура келет.

Буга чейин муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин видеокайрылуу аркылуу орозо маалында ооз ачуу жана тарафик намазы үйдө окуларын айткан.

Өткөн жылы орозонун биринчи күнү 6-майга туура келип, Орозо айт майрамы 5-июнда белгиленген.

 

Exit mobile version