Президент: Орусия менен вакцина алып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат

Президент: Орусия менен вакцина алып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-сентябрда КТРКнын “Биринчи радиосу” менен маегинде Орусия сыноодон өткөрүп жаткан коронавируска каршы вакцинаны алып келүү боюнча эки өлкөнүн тийиштүү органдары сүйлөшүп жатканын маалымдады.

“Орусияда вакцинаны клиникалык сыноолордон өттү деп маалыматтарды беришти. Орусияда акыркы күндөрү вакцинаны колдонууга киргизишти. Жакынкы убакытта вакцина жапырт чыгарылат деп ишенем. Биз үчүн да вакцинаны өлкөгө алып келүү абдан маанилүү. Илдетке каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында эки өлкөнүн тийиштүү органдары вакцинаны Кыргызстанга алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат”, — деди президент.

Дүйнөдөгү айрым илимпоздор Орусияда даярдалган вакцинанын клиникалык сыноосуна байланыштуу күмөндүү жагдайлар бар экенин айтып чыгышкан. Белгилүү «Lancet» медициналык журналына жарыяланган ачык катта алар түрдүү эксперименттердин жыйынтыктары бирдей болуп чыкканын белгилешкен. Бул вакцинаны даярдаган Гамалея борбору мындай күмөн саноо орунсуз экенин билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>