Президент орусиялык 11 аскер кызматкерин энчилүү саат менен сыйлады

Президент орусиялык 11 аскер кызматкерин энчилүү саат менен сыйлады

Президент Садыр Жапаров орусиялык 11 аскер кызматкерин энчилүү саат менен сыйлады. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-апрелден 3-апрелге чейин «Коопсуздук-2021» аталышындагы биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулар болуп өттү. Анын жүрүшүндө республиканын аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн жолун тосуу жана жок кылуу боюнча биргелешкен атайын операция өткөрүлгөн.

Резервдеги роталарды практикалык мобилизациялоо менен согуш абалы жана өзгөчө кырдаал киргизилген шарттарда кырдаалды турукташтыруу боюнча тапшырмалар иштелип чыкты, аскердик ок атуулар өткөрүлдү.

Машыгууларга 2 миңден ашык адам тартылып,  болжол менен 100 автомобилдик, бронетанкалык бирдик жана атайын техникалар, 20 артиллериялык система колдонулуп, 10 учак катышкан.

Бул машыгууга Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин 20022-аскердик бөлүгүнүн аскер кызматчылары  да катышкан.

Бардык катышуучулар жогорку күжүрмөн даярдыкты, ырааттуу координацияланган ишти жана сабаттуу жана чечкиндүү иш алып баруу жөндөмүн көрсөтүштү.

Машыгуунун жыйынтыгында Россия Федерациясынын 11 аскер кызматчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйланды.

Сыйлык тапшыруу аземи Кант авиабазасында Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>