Президент парламенттик шайлоо өз убагында өтө турганын айтты

Президент парламенттик шайлоо өз убагында өтө турганын айтты

Күзгү парламенттик шайлоолор Конституцияда аныкталган мөөнөттө өткөрүлөт. Мен буга тийиштүү Жарлыкка кол койдум. Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам алкагында ишин баштады. Мындай пикирин бүгүн, 18-июлда президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи» радиого берген маегинде билдирди.

Мамлекет башчысы  шайлоо өтпөшү керек деп, бүгүн куру популизм менен алек болуп жаткан партиялар баш болуп каттоодон өткөнүн белгиледи.

Президент «Ата мекен» жана «Республика» партиясынын квотасы менен дайындалган Борбордук комиссиянын мүчөлөрүнө жана ушул партиялардан шайланып, иштеп жаткан депутаттарга, ушул партиялардан кайра депутат болуп келем деген саясатчылар жана алардын күйөрмандарына кайрылды.

«Саясат менен ашкере алектенип, элди шайлоого байланыштуу маселеде адаштырууну токтотууга чакырам. Бул Конституцияда каралган маселе. Жок дегенде ушундай кыйын кырдаалда жигитчилигиңерди көрсөтүп, саясий күрөштү мыйзам алкагында алып барууга үндөйм.

Мамлекеттин тагдырын, элдин тагдырын оюнчук көрүүгө эч кимге укук берилген эмес», — деп баса белгиледи өлкө башчы.

Ал шайлоо учурунда чыгымдарды азайтуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилгенин кошумчалады.

«БШК Өкмөт менен бирдикте пандемия шартында шайлоону өткөрүүнү караштырып жатат. Негизгиси эл саламаттыгына кедергисин тийгизбөө жагын карап жатышат.

Бардык мамлекеттик органдар, Өкмөт, БШК, жергиликтүү бийлик, мен башында туруп, бардык партияларга, бардык катышкан жарандарга бирдей шарт түзүп беребиз», — деди мамлекет башчы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>