Президент парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү жарлыгына кол койду

Президент парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү жарлыгына кол койду

Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жарлыкта айтылгандай, шайлоону өткөрүүнү мыйзамга ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясына жүктөлгөн.

Кыргызстанда парламенттик шайлоону өткөрүү 2020-жылдын 4-октябрына белгиленерин Борбордук шайлоо комиссиясы да маалымдаган. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу президент тиешелүү жарлыкка кол кое элек болчу.

Буга чейин депутат Дастан Бекешев быйыл өтө турган жергиликтүү кеңештердин жана парламенттин депутаттарын шайлоону кийинки жылга жылдыруу демилгесин көтөргөн. Эгер бул жылы өтө турган болсо анда  үгүт иштерин башкача форматта өткөрүүнү сунуштаган.

Белигилей кетсек, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарын шайлоо дагы 2015-жылы 4-октябрда өтүп, алты партия жеңишке жеткен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>