Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү

Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү

Президент Садыр Жапаров учурда пландаштырылып жаткан жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чаралардын алдында ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясы уланып жатканын эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо зарылдыгына байланыштуу аралыктан иштөө режимине өттү.

Мамлекет башчысы ишин онлайн-форматта улантууда жана өлкөдө болуп жаткан бардык окуяларды көзөмөлдөп турат.

Буга чейин орус басылмалары 24-25-февралда Садыр Жапаров Орусияга иш сапары менен келерин жазып чыгышкан.

Жапаров 10-январдагы шайлоодон жеңип чыккандан көп өтпөй, ал биринчи чет өлкөгө сапарын Орусияга жасоону пландап жаткандыгын жарыялаган болчу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>