Президент Садыр Жапаров Казакстандын борбору Астана шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жапаровду Астанадагы аэропорттон Казакстандын өкмөт башчысы Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.