Site icon Reporter.kg

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Баткен облусуна барат

Президенти Садыр Жапаров 24-25-декабрда иш сапары менен Баткен облусуна барат. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы сапардын жүрүшүндө чек ара аймактарын калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү, ошондой эле бир катар инфраструктуралык жана өнөр жай объектилеринин абалы менен таанышат.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров аймактагы ички жолдорду реконструкциялоонун жүрүшүн көрөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version