Site icon Reporter.kg

Президент Жалал-Абадда курулган ипотекалык үйлөрдүн ачкычтарын ээлерине тапшырды

Кечээ, 12-майда Жалал-Абад шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) тарабынан курулган «Асман Резиденс-1» көп кабаттуу турак жай комплексиндеги батирлердин ачкычтарын анын ээлерине тапшыруу аземи болуп өттү. Ага өлкө башчы Садыр Жапаров да катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Аталган үй МИКтин «Менин үйүм (2021–2026)» мамлекеттик программасынын алкагында курулган.

Комплекс жети тогуз кабаттуу блоктон турат жана 639 батирди камтыйт. Жер астында 138 жана жер үстүндө 50 орундуу унаа токтотуучу жай, ошондой эле балдар аянтчасы бар. Коммуникациялар борборлоштурулган, жылуулук өзүнүн отканасынан берилет.

Өлкө башчы ачкыч тапшыруу аземинде сөз сүйлөп, ипотекалык турак-жайлар калктын бардык катмарына, анын ичинде социалдык жактан аялуу жарандарга да жеткиликтүү экенин билдирген. Президент социалдык жактан аялуу катмар үчүн, алардын турак-жай алуу мүмкүнчүлүгүн жеңилдетүүгө багытталган атайын программа каралганын эске салган. Бул программанын алкагында турак-жайды жеңилдетилген шарттарда, баштапкы төлөмсүз, узак мөөнөткө сатып алууга мүмкүнчүлүк берилип жатат.

«Менин үйүм» программасынын алкагында Жалал-Абад облусунда 11 миңге жакын батирлер, анын ичинде Жалал-Абад шаарындагы, Таш-Көмүрдөгү жана Сузак районундагы объектилер курулууда. Жакынкы аралыкта 879 батирди кошкондо миңдеген үй-бүлөлөр жаңы батирлерге ээ болушат, анын ичинде Сузак айылындагы 240 батирлүү «Асман резиденция-5» комплекси бар.

Exit mobile version