Президент Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка бекитүү токтомун артка кайтарат

Президент Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка бекитүү токтомун артка кайтарат

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-октябрда, Садыр Жапаров менен жолугушту. Жолугушууда өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаал талкууланганын, өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы өлкө Өкмөтүнүн түзүмү менен курамын аныктоо, программасын бекитүү тууралуу парламенттин токтомуна өз позициясын билдирип, токтомду кайрадан Жогорку Кеңешке кайтарарын белгилеген.

«Өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана бекемдөө үчүн биздин чечимдерибиздин баары легитимдүү болушу керек жана алар күмөн жаратпашы зарыл», — деген президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы аталган маселени аракеттеги мыйзамдарынын бардык талаптарын сактоо менен кароосу үчүн парламентке кайрылат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>