Site icon Reporter.kg

Президент Салык жана Бажы кызматында коррупция азайганын айтты

Мамлекеттик бюджеттин кирешеси 6 айдын жыйынтыгында 133 млрд 486 млн сом болду. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган Министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, салыктык кирешелер 104,5 млрд сомду түздү. Салыктык эмес кирешелер – 25,3 млрд сом, трансферттер – 3,7 млрд сомду түздү.

«Негизги салыктык кирешелерден Салык кызматы 72,8 млрд сом, Бажы кызматы 31,7 млрд сом чогултту. Салыштырып көрүңүздөр, пандемияга чейин 2019-жылы Салык кызматы 36,8 млрд сом, Бажы кызматы 18,4 млрд сом чогулткан. Мындан биз бул тармактарда коррупцияны максималдуу кыскартып жаткандыгыбызды көрүүгө болот. Бир жагынан киргизилген электрондук системалар жакшы жардам берип жатса, экинчи жагынан күч түзүмдөрү контрабанда, коррупция менен аёосуз күрөшүп жаткандыгын белгилейм”, — деди өлкө башчы.

Exit mobile version