Site icon Reporter.kg

Президент сегиз айда 8% экономикалык өсүш болгонун айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда Дүйнөлүк банктын Операциялык иш-чаралар боюнча башкаруучу директору Аксель Ван Троценбург башында турган Дүйнөлүк банктын делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда өнөктөштүктүн артыкчылыктуу багыттары жана Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын жакынкы жылдардагы кызматташуусунун келечеги боюнча пикир алмашуу болгон.

«Бүгүн биз өлкөнү өнүктүрүү үчүн ыкчам жана натыйжалуу чараларды көрүү зарыл болгон глобалдык өзгөрүүлөрдүн босогосунда турабыз. Кыргыз Республикасына учурдун чакырыктары менен тобокелдиктеринин терс таасирин жумшартуу үчүн Кризиске каршы план жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Иш планы иштелип чыккан», — деди Садыр Жапаров.

Президент 2022-жылдын январь-август айларында экономикалык өсүштүн 8 пайыз деңгээлиндеги позитивдүү тенденциясы байкалганын кошумчалаган.

Мамлекет башчысы Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу агрессиясына байланыштуу соңку окуялар Баткен облусунун жарандык жана социалдык инфраструктурасынын ири кыйроолоруна алып келгенин билдирген. Азыркы учурда өлкөнүн аймактарынын, өзгөчө Баткен облусунун экономикасын комплекстүү өнүктүрүү артыкчылыктуу милдеттердин бири болуп саналарын белгилеген.

Аны менен бирге ал Кыргызстан аймакты калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган «Баткен облусун 2021-2035-жылдарга өнүктүрүү программасын» ишке ашырууну пландап жатканын айтып өткөн.

Жапаров агроөнөр жай комплекси, туризм, жеке секторду колдоо, транспорт жана энергетика, анын ичинде энергияны кайра жаралуучу булактар сыяктуу багыттар боюнча кызматташуу тууралуу сөз кылган.

Өз кезегинде Аксель Ван Троценбург белгилегендей, учурда Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосунда орто мөөнөттүү мезгилге жаңы Алкактык өнөктөштүк программасын иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Ал бул иштин алкагында Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирген.

Мындан тышкары, Дүйнөлүк банктын башкаруучу директору саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, адам укуктары маселелерине көңүл бурду.

Жолугушууда энергетика жана социалдык өнүктүрүү тармагындагы долбоорлор боюнча келишимдерге кол коюлду.

Документке кыргыз тараптан каржы министри Алмаз Бакетаев, Дүйнөлүк банктан БорборАзия боюнча регионалдык директору Татьяна Проскурякова кол койду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version