Site icon Reporter.kg

Президент: Шайлоодо административдик ресурс таптакыр колдонулбайт

Шайлоодо административдик ресурс таптакыр колдонулбайт. Бул туурасында Президент Садыр Жапаров жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана мамлекеттик органдардын жетекчилери менен болгон кеңешмеде билдирди.

 Ал «менин алдымда алдыдагы шайлоону таза өткөрүү милдети турат. Мындан ары бардык шайлоолор таза өтөт, бардык күчүбүздү жумшайбыз. Административдик ресурс таптакыр колдонулбайт, ага жол бербешибиз керек. Мурдакылардын катасын кайра-кайра кайталай бербей, келечек муунга үлгү болуучу шайлоону өткөрүп берели. Ким кызматта туруп кайсы бир саясий партияга же талапкерге иштесе жумуштан алынып эле тим болбостон, жоопкерчиликке да тартылат. Райондо шайлоого кийлигишкен район акими менен айыл өкмөт башчылар эле жазаланбай, күч органдары, билим берүү бөлүмү, мугалимдер, дарыгерлер кайсы бир талапкердин пайдасына иштесе жазасыз калбасын эскертип коёюн. » — деди Жапаров.

Аны менен катар “ушундай бир таза шайлоо өткөрүп берели, дүйнө эли таң калсын. Анткени биздин тарыхта үч төңкөрүштүн баары шайлоонун айынан чыккан», — деди президент.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Exit mobile version