Site icon Reporter.kg

Президент Шевченкону кезектеги жеңиши менен куттуктады — видео

UFCнин чемпиону кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко жеңиштен кийин аны президент Сооронбай Жээнбеков куттуктаганын айтты.

Спортчунун айтымында, өлкө башчысы аны жайкы эс алуу учрунда Ысык-Көлгө чакырган.

“Президент машыктуруучум Павелге жана эжем Антонинага салам жолдоду. Бул сүйлөшүү мен үчүн аябай жагымдуу болду. Анан да эң чоң мотивация. Сооронбай Шарипович бизди Ысык-Көлгө чакырды. Биз сөзсүз барабыз”, — деген ал.

9-февралда Валентина Шевченко америкалык Кэтлин Чукагянды жеңип, UFCнин уюмунун жеңил салмактагы чемпиону чемпиондук курун коргоп калды.

Exit mobile version