Site icon Reporter.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабияга барды — сүрөттөр

Президент Сооронбай Жээнбеков 15-декабрда, расмий визити менен Сауд Арабия Королдугуна барды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирет. 

Мамлекет башчысы Сауд Арабиясына визитин эки Ыйык мечиттин көзөмөлдөөчүсү, Сауд Арабия королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауддун чакыруусу менен жасоодо.

Расмий визиттин алкагында президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд, Мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд жана Аш-Шура Мажилисинин төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибраим Аль Аш-Шейх  менен жолугушат.

[su_image_carousel source=»media: 15999,16000,16001,16002,16003,16004,16005,16006″ limit=»36″ crop=»none»]

 Мындан тышкары, Сауд Өнүктүрүү Фондусунун Директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары, аткаруучу директор Халид С. Аль-Худайри жана Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандар М. Х. Хаджар менен жолугушуулары пландалган.

Ошондой эле расмий визиттин алкагында президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясындагы Кыргызстандын элчилигинин  имараттарынын жаңы комплексинин расмий ачылышына катышат жана мекендештер менен жолугушат.

Exit mobile version