Президент төкмө акын Аалы Туткучевдин ырына жооп берди

Президент төкмө акын Аалы Туткучевдин ырына жооп берди

Президент Сооронбай Жээнбеков Көз карандысыздык күнүн белгилеп жатканда акын Аалы Туткучевдин ырдаганы коомчулукта талкуу жаратканы жөнүндө пикирин билдирди. Бул тууралуу ал, 5-сентябрда, «Биринчи радиого» берген кезектеги маегинде айтты.

«Аалы акыныбыз мамлекеттик саясатты, тагыраак айтканда, менин президенттик ишимдеги негизги багыттарды ырга салды. Бул, албетте, коомчулуктун көңүлүн бурат. Акын — элдин жарчысы да, биринчи кезекте», — деди өлкө башчысы.

Сооронбай Жээнбеков эл аралап көп жүргөнүн, эл менен жолукканда ар кандай маселелер, көйгөйлөр менен көптөгөн кайрылуу келерин белгиледи.

«Элди эмне түйшөлтөт, эмне маселе, кандай көйгөйлөрү бар, баарыбызга алаканга салгандай эле көрүнүп турат да. Элди кыдырып жүргөндө угуп атам. ЖМКлардан угуп атам. Биз ачык коомбуз. Ал көйгөйлөрдү капка салып, беките албайбыз. Баардык эл билет. Эл билген нерсени жашыра албайбыз. Иш жүрүп жатат. Айрыкча, өлкөнү санариптештирүү боюнча. Ошол эле бажы тармагын алалы. Бул көп жылдар бою, 20-30 жылдап калыптанган мамилелер, схемалар бар. Ошолорду биз азыр жок кылып атабыз. Бажыда эле эмес, көп тармактарда абал ошондой болуп келген. Болуп жаткан, көрүп жаткан нерселер менен күрөшүп жатабыз. Мына, менин өлкөнү санариптештирүү боюнча саясатымдын бирден бир максаты — ошол адам факторун жокко чыгаруу. Ошол тармактардагы коррупция элементтерин жоюу», — деп белгиледи.

Өлкө башчы Аалы Туткучевдин ырынан эч жаман нерсе көрбөгөнүн, тескерисинче президентке элдин жакындыгы жеп кабыл алганын айтты.

«Мен мына ушундай кабыл алдым. Менин президенттик ишимди акындар ушинтип ырдап, коррупционерин коррупционер деп, коомдун оорусун көзгө сайып көрсөтүп турса, мындан эч жаман нерсе издеп кереги жок деп ойлойм. Күрөшүп жатабыз, убакыт керек болуп жатат. Элдин үнүн бийликке жеткирип эле тим болбой, аткаминерлерди чыйралтып, керек болсо тизгиндеп туруу — ушул биздин акындардын вазийпасы деп ойлойм. Андай мүмкүнчүлүк акынга бир келди. Бир келген нерсени айтып алды. Туура кылды деп ойлойм», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>