Site icon Reporter.kg

Президент Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жапаров белгилегендей, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү – тамырыбыз, тарыхыбыз кайдан келерин: биздин кандай эл болгонубузду, ата-бабаларыбыз ондогон кылымдар бою кандай жолдорду басып өткөнүн эске салган улуу күн.

«Ата-бабалар көп кылымдык тарыхый сыноолорду башынан өткөрүү менен курган мамлекеттик түзүлүш бирде жанып, бирде өчүп, бирде учу-кыйырсыз чектерге чейин жетип отуруп, тарыхта татыктуу ордун жоготпой келди.

Бүгүнкү эгемен мамлекетибиз – байыркы мезгилден бери кыргыз жерин көздүн карегиндей сактап, коргоп келген ата-бабалардын даанышмандыгынын, көсөмдүгүнүн жана баатырдыгынын натыйжасы», — дейт президент.

Жапаров соңку 100 жылда эле ата-бабаларыбыздын эгемен, эркин, өз алдынча мамлекет куруу көксөөсү тең жарымы кыргынга учураган Улуттук боштондук күрөшүндө дагы майтарылбаганын айтты.

«Алар 1916-жылкы Үркүн окуясында, андан кийинки Октябрь революциясында, андан соң Кара-Кыргыз облусунун түзүлүп, жүрүп отуруп Кыргыз ССРинин уюшулушунда, ошол жылдардагы Сталиндик репрессияда элинин азаттыгы, өлкөсүнүн эгемендиги үчүн күрөшүп, өмүрүн арнап, кара башын садага чаап олтуруп, азыркы Эгемен Кыргызстанды бизге таберик кылып калтырышкан. Мындан улам, аталардын жолун улай, алардан калган таберикти келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүү – биздин эң башкы парзыбыз болушу шарт!», — деп айтылат кайрылууда.

Жапаров быйыл «азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар: Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев жөнүндө»  жарлыкка кол койгонун айтып өттү.

«Бул соңку 100 жылдыкта эле мамлекеттүүлүгүбүздүн түптөлүшү оңойго турбаганын, кандай гана оор жолдорду басып өткөндүгүн, ал үчүн канчалаган ата-бабаларыбыздын кырчындай өмүрү кыйылганын ар бир кыргыз жараны билсин деген изги тилек.

Урматтуу мекендештер, биз ошол аталарды ар дайым эскерүү менен кыргыздын даңазалуу тарыхы келечекке шам чырак болуп жол көрсөтөрүн, жаркын келечектин ачкычы болорун жаштарыбыздын көкүрөгүнө кыттай уютуубуз кажет!

Ата-бабаларын тааныган сайын азыркы жаштарыбыз өздөрүнө болгон ишеними артып, келечекке карай бекем кадамдарды таштап, Кыргызстандын түбөлүк эркин, көз карандысыз жана бардык жактан өнүккөн өлкө болушуна билимин да, тажрыйбасын да, өмүрүн да арнашат.

Ата-бабалардын элеси бизге ар дайым күч-кубат, дем берсин! Көп этностуу биримдигибиз Кыргызстан үчүн жаркын келечектин өзөгү болсун», — дейт Жапаров.

Exit mobile version