Site icon Reporter.kg

Президент Тыныбекова менен Акматалиевди жеңиши менен куттуктады

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль уткан Айсулуу Тыныбекова жана күмүш байгени багындырган Эрназар Акматалиевди фейсбуктагы баракчасы аркылуу куттуктады.

“Айсулуу алтын кызыбыз!
Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында ишенимдүү жеңишиң менен чын дилимден куттуктайм!
Буга улай эле азаматыбыз Эрназар Акматалиевдин дүйнө чемпионатында күмүш байге алышы менен да куттуктайм!
Бул жеңишиңер жалпы кыргыз элине чоң кубаныч тартуулады.
Элибиз сүйүнүп, жетине албай турган чагы!” деди өз куттуктоосунда.

Exit mobile version