Site icon Reporter.kg

Президент убадалаган бекер ККМ аппаратты кантип алса болот? Салык кызматынын жообу

Мамлекеттик салык кызматы  көзөмөл-кассалык машинасын ишкерлерге акысыз берүүнү улантууда. Аны алуунун жол жобосун мекеме Reporter.kg’ге айтып берди.

Маалыматта ишкерди колдоо иретинде 32 миң аппарат сатылып алынганы белгиленет.

Аны алуу үчүн жаран өзүнүн иш жүргүзгөн же катталган аймактагы салык органына арыз менен кайрылыш керек.

ККМ аппараттар ишкерге келишимдин негизинде убактылуу колдонууга берилет.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 5-декабрында «Дордой» базарынын ишкерлери менен жолугушууда 30 миң аппарат сатып алынганын, ал ишкерлерге бекер берилерин айткан.

Президент ККМ качан киргизилерин айтты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version